Menu

Жылдыз Бакашова: “Кыргызстанды Борбор Азиядагы билим берүүнүн жана квалификациялуу кадрлардын ири экспортеруна айлантууга убакыт келип жетти”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында «Университет 4.0» билим берүү процессин өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдык моделинин Жол картасын талкуулоо боюнча көчмө жыйын болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешме Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде республикадагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес университеттердин ректолорунун жана өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Кеңешменин алдында Жылдыз Бакашова 3Д моделдештирүү, санариптик өндүрүш боюнча окуу лабораторияларынын иши менен таанышып, университеттин студенттери тарабынан уюштурулаган көргөзмө менен таанышты.

Андан соң өз баяндамасында белгилегендей, билим берүүнү уюштуруунун башка тутумуна өтүүгө мезгил жетти жана «Университет 4.0» билим берүү модели жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк талабына толугу менен жооп берет.

«Төртүнчү муундагы университет – бул рыноктун кыймылдаткычы, экономикалык өсүштүн, иштиктүү экономиканын негизи», – деди Жылдыз Бакашова.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, заманбап билим берүү тутуму ыкчам маалыматтык өнүгүүдөгү коомчулуктун чакырыктарына жооп берет албайт.

«4.0 индустриясы билим берүү процессинин парадигмасын кайрадан карап чыгууну талап кылат. Заманбап университет атаандаштыкка туруктуу интеллектуалдык менчик түзүү менен алектениши керек, технологияларды жана технологиялык компанияларды активдүү түзүү, ЖОЖдордун өнөктөштөрү менен алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңы технологиялык тармактарды түзүүнүн лидери жана борбору болуусу керек», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

“Сунушталып жаткан моделдин өзгөчөлүгү – анын практикалык мааниси болуп саналат. Жалпыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасындагы билим берүү тутуму маалыматтык өнүгүүдөгү коомчулуктун чакырыктарына жооп бере албай жатат. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн концепциялар иштелип чыккан, бирок алардын көбү кагаз жүзүндө калды. Биз аталган концепцияны иш жүзүнө ашыруу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшообуз керек”,- деди Жылдыз Бакашова.

Ал кошумчалагандай, «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Президенттин Жарлыгына ылайык, бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери өнүгүү стратегиясын иштеп чыгышы керек.

“Тажрыйба көрсөткөндөй, дипломдор күн сайын өз маанисин жоготуп жаткан массалык товарга айланды. Кыргызстанды Борбор Азиядагы билим берүүнүн жана квалификациялуу кадрлардын ири экспортеруна айлантууга убакыт келип жетти”, – деп белгиледи Жылдыз Бакашова.

Өз кезегинде, ЖОЖ өкүлдөрү билим берүү тутумун реформалоо зарыл экендигине толук макулдугун билдиришти жана азыркы учурда билим берүү процесси үчүн жаңы шарттарды киргизүү үчүн ЖОЖдорду лицензиялоо тутумун кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгилеп, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ жаңы адистиктерди киргизүү жана университеттердин мамлекеттик органдар жана башкалар менен өз ара байланышын жакшыртуу талапка ылайыктыгын билдиришти.

Жылдыз Бакашова жолугушууда айтылган бардык сунуштар жана сын-пикирлер эске алынарын айтып, ЖОЖ өкүлдөрүн Кыргыз Республикасындагы билим берүү процессин сапаттуу өзгөртүү боюнча бирдиктүү максатка биригүүгө үндөдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: