Menu

КР ТИМ башчысы менен Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти алдыда боло турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (TOВВ) Президенти Рифат Хисарджыклыоглу башында турган түрк ишкерлер чөйрөсүнүн делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Р.Казакбаев конокторду ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап, ушул жылдын 13-майында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын башчыларынын ортосунда болуп өткөн телефон сүйлөшүүсүн оң белгиледи, анын жүрүшүндө мамлекет башчыларынын лидерлери эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Р.Казакбаев белгилегендей, бул жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип, эки тарап тең бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Тышкы саясий ведомствосунун башчысы кыргыз тарабы боордош Түркия менен кызматташуусуна чоң маани берерин белгиледи. Кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү биздин өлкөнүн тышкы саясатында ар дайым приоритет болуп келүүдө. Кыргыз тарап түрк тарап менен үзгүлтүксүз расмий байланыштарды, анын ичинде Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасына болгон расмий иш-сапарын баса белгиледи. Эки тарап тең ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркияга боло турган иш-сапарын уюштуруу боюнча  иш алып барып жатканы белгиленди.

Тараптар алдыда боло турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагында бизнес форумун өткөрүүнү талкуулашты.

Түрк тарап өз кезегинде бизнес форумду уюштурууга максималдуу жардам көрсөтүүгө жана түрк ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусун камсыз кылууга даяр экендигин билдирди.

Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун Президенти Р.Хисарджыклыоглу түрк тарап да кыргыз-түрк кызматташтыгын тереңдетүүгө жана эки тараптуу өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: