Menu

Фото – Ош шаарында 2 бизнес-инкубатор ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майда Кыргызпатент Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) базасында  2 бизнес инкубатордун ачылыш аземин өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес-инкубаторду ачуунун максаты – конкреттүү чөйрөдө студенттерди бизнестин реалдуу технологиясы тууралуу окутуу (маркетинг, продукту алгылатуу, бизнести монетизациялоо методдору, жарнама ж.б.).

Эки университетте катары менен өткөрүлгөн иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Э. Шадыканов, ОшМУнун ректору К. Кожобеков, ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу М. Сагыналиев, Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Ж. Жумабаев, Кыргызпатенттин өкүлдөрү, ЖОЖдордун мугалимдери жана студенттери катышты.

Спикер катарында «Стартап Кыргызстан 2020» сынагынын жеңүүчүсү, «Genesis Bionics» долбоорунун автору А. Токтогулов, max.kg порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири И. Гильмутдинов, «U-Create» МБ генералдык  директору А. Боронбаевтер чыгып сүйлөштү. Алар өздөрүнүн ар кандай стартап-долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, стартаптын негизги философиясын чечмелеп беришти. 

Аталган иш-чаралар сериясы Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлордун иш практикасын жандандыруу боюнча долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Долбоордун негизинде төмөнкү 11 ЖОЖдо бизнес-инкубаторлор ачылды:

– К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (13.04.2021);;

– Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети (15.04.2021);

– Борбор Азиядагы эл аралык университет, Токмок шаары (17.04.2021);

– Эл аралык «Ататурк – Ала-Тоо» университети (20.04.2021);

– И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети  (22.04.2021);

– Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту (КГКИИ) (23.04.2021);

– М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (28.04.2021);

– С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети (29.04.2021);

– К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (30.04.2021);

– Ош мамлекеттик университети (14.05.2021);

– М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети (14.05.2021).

Маалымат иретинде: Кыргызпатент 2020-жылдын ноябрь айынан тарта республиканын баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде стартап-акселератордун жана бизнес-инкубаторлордун практикалык ишин жандандыруу үчүн окуу жайлар арасында сынак жарыялаган. Өткөрүлгөн сынакка өтүнмө берген 36 ЖОЖдун арасынан бизнес-инкубаторлордун ишин жандандырууга 11 ЖОЖ тандалып алынган.

Акселерациялык программа ушул жылдын 24-февралынан 26-мартына чейин Грузия, Казахстан, Белоруссия, Россия өлкөлөрүндө практикалык жана консалтингдик ишмердикте тажырыйбасы мол, профессионал машыктыруучулардан турган эл аралык менторлордун катышуусу менен өткөрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: