Menu

Прокуратура: Ысык-Көл облусунда 3,48 гектар жайыт жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер тилкеси К.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталган.

Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот  прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырды.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: