Menu

Руслан Казакбаев Казактандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчисин кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун негизги максаты Элчи Р.Жошыбаевдин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруусу жана кыргыз-казак кызматташтыгынын келечегин талкуулоо болду.

Министр Р.Казакбаев Элчи Р.Жошыбаевди Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана мындан аркы жемиштүү иш каалады. Казакстандын Элчиси Р.Жошыбаев жолугушуу жана эл аралык протоколдук жол-жоболорго ылайык, кызмат ордуна дайындалгандыгы жөнүндө Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырууга берилген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин башчысы Р.Казакбаев казакстандык тарапты кыргыз-тажик чек арасында болгон кайгылуу окуялар, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын деталдары жөнүндө маалымдады.  Тиешелүү стабилдештирүү чараларын ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топтун ишин белгиледи. Ошол эле учурда, кыргыз тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруу ниетин баса белгиледи.

Казакстандын Элчиси Р.Жошыбаев 2021-жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон, адамдардын өлүмүнө алып келген окуяларга байланыштуу Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ал Казакстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан тилектештик жана колдоо сөздөрүн билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казакстандык стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштык мамилелеринин учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты, жакынкы, орто жана узак мөөнөткө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Кыргыз Республикасына боло турган иш-сапарынын даярдоосуна өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: