Menu

Президент Садыр Жапаров «Run the Silk road – Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы иппадромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.

«Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Куньмин марафону жана Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент 2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.

«Спорт — ден соолук, ден соолук — элдин байлыгы, дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт. Ошентип, калктын басымдуу бөлүгүнүн спортко болгон кызыгуусун камсыз кылуу менен биз элибиздин ден соолугун коргойбуз. Ал эми жаштарыбыз, жаш муундарыбыз дени сак болушат жана руханий жактан өнүгүшөт. Демек, спортту өнүктүрүү — бул спорттук натыйжаларга жетүү каражаты гана эмес, элдин ден соолугу да болуп саналат. Мамлекет дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин уланта берет. Дене тарбия жана спортту ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», — деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү спорттук иш-чарага катышкан бардык жеӊил атлетиканы сүйгөн спортчуларга үй-бүлөлүк бакыт, албан-албан ийгиликтерди, коомдун активдүү инсандарынан болууну каалады.

«Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш — бул сиздердин катышканыӊыздар! Бардыгыӊыздарга ийгилик!», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: