Menu

Салык кызматы жана JICA аралыктан окутуу системасын ишке ашыруу боюнча долбоордун жыйынтыктарын талкуулашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Немото Наоюки менен жолугушту. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Салык кызматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен “Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу” долбоорунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Ведомство башчысы И.Иманбетов JICAнын фискалдык орган үчүн актуалдуу долбоорду өз убагында ишке ашырууга кошкон салымын жогору баалоо менен, бул Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртууга мүмкүндүк бергенин айтып, Немото Наоукиге жана анын командасына долбоорду колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эмгегин жогору баалагандыктын белгиси катары Салык кызматынын төрагасы JICA жетекчисине “Салыктык кызматташтык үчүн” медалын тапшырды.

И.Иманбетов белгилегендей, долбоордун катышуучулары алган көндүмдөр салык кызматкерлерин дагы, салык төлөөчүлөрдү дагы аралык форматында ийгиликтүү окутууга мүмкүнчүлүк берет.

Немото Наоюки мырза дагы долбоордун натыйжаларын жогору баалап, аны Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) мыкты долбоору бири деп атады. Анын айтымында, биринчи жолу салык маселелерин чечүүнү жана Салык кызматынын кызматкерлерин аралыктан окутууну айкалыштырган типтүү долбоор ишке ашырылды.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын аягында Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу боюнча кыргыз-япония үч жылдык долбоору аягына чыккан.

Анын жыйынтыгында Салык кызматына окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча алган көндүмдөрүн эске алуу менен кызматкерлер үчүн окуу процесстерин андан ары уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген. Долбоордун алкагында салык органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле орто-атайын жана жогорку окуу жайлардын студенттерин аралыктан окутуу системасы киргизилген.

Долбоордун аркасы менен Салык кызматынын кызматкерлери жумуш орундарында аз гана убакыт сарптап, смартфон, ноутбук жана жеке компьютердин жардамы менен өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: