Бүгүн, 15-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 404 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 294, Ош – 4, Чүй облусунан – 65, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 9. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 100 249 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 349 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 93 302ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 200, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 97, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 14, Ысык-Көл облусунан – 21, Жалал-Абад облусунан – 8, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 3, Талас облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1695ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ