Москва районунун ИИБдүн кызматкерлеринин демилгеси менен Беловодский айылындагы балдар үйүнө зарыл болгон курулуш материалдары алынып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Чүй ОИИБнини басма сөз кызматы билдирди.
Аталган балдар үйүндө 200 дөн ашуун саламаттыгынан жабыркаган өспүрүмдөр тарбияланышат. Майрам күндөрү жана башка даталуу күндөрү Москва РИИБдүн кызматкерлери ар түрдүү жардамдарын көрсөтүп келишет. Бул жолу балдар үйүнүн жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүлүп аларга зарыл болгон курулуш материалдары алынып берилди.
Москва РИИБдүн кызматкерлери балдар үйүнүн кызматкерлери жана тарбиялануучулары менен дайыма тыгыз байланышта болушуп, балдардын көңүлдөрүн көтөрүү максатында ар түрдүү иш-чараларды уюштурушуп келишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ