Menu

Чек арадагы Кара-Токой айылына жаңы ФАПтын курулушу башталды

Бөлүшүү:

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүнүн Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салынды. Иш чарага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ФАПтын жаңы имаратынын курулушу менен, анын базасында стоматология, аялдардын гинекология каанасы, жугуштуу оорулар бөлүмү, жүрөк дартын кароо бөлүмү жана жалпы имаратты жылытуучу система орнотулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо каралган. Жалпы сметалык баасы 2,8млн сом болгон курулушту “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылоого алууда.

Белгилей кетсек Кара-Токой айылындагы 1000ден ашуун калкты тейлеген ФАПтын имараты 1962-жылы СССР мезгилинде курулуп, эскилиги жетип, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган болчу.

Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох районунун айылдары менен чектешет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: