Белгилей кетсек, Азамат Өмүркулов 2011-жылы август айында Дунларов көпүрөсүнүн жанындагы айланып өтүүчү жолдо болгон кырсыктын күнөөкөрү, анын кесепетинен үч адам каза болгон. Анда Өмүркулов башкарган жолтандабас катуу ылдамдыкта баратып каршы тилкеге чыгып кетип, Ауди-80 унаасын сүзгөн.
Экспертизанын жүрүшүндө Азамат Өмүркуловдун күнөөсү тастыкталган. Бир айдан кийин ага айып тагылып, баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн. 2011-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарган. Андан кийин төрагалык кылуучу судья Алмаз Калпаев кылмыш ишин токтоткон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө эки жабырлануучу айыпталуучу Азамат Өмүркуловго эч кандай дооматтары жок экендигин билдирип, тосмо арыз жазышкан. Сот отуруму учурунда, маркум 23 жаштагы Алтынай Турусбекованын атасы, милициянын полковниги Исмаилов дагы тосмо арыз жазган.
Сот жараяны жабык эшик артында өткөнүн кошумчалайбыз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ