Menu

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Интернетте тараган видеотасма боюнча түшүндүрүү таратты.

Анда жазылгандай, 14-май күнү кыргызстандык нөөмөтчү аскерлер кыргыз-тажик чек арасынан алыс эмес жерде тажик жаранына тиешелүү үй өрттөнүп жатканын байкашкан. Тажикстандык чек арачылар менен телефон аркылуу байланышкан учурда алар өрттү тастыктап, коопсуздук үчүн кыргызстандык нөөмөтчү аскерлерди алысыраак алып кетүүнү өтүнүшкөн.

15-май күнү Баткен районундагы Кара тилкесинде кыргыз-тажик чек арачылары жана айыл башчылары жолугушкан. Анда тараптар чек арага жакын аймактардагы дарактар кыйылып жатканы тууралуу Тажикстандын маалымат каражаттарында жазылып жаткан кабардын чын-төгүнүн талкуулашкан. Натыйжада тажик тарап бак кыйылганын далилдеп бере алган эмес.

Буга байланыштуу Кыргызстандын УКМКсы Тажикстандын расмий органдарын чек арадагы өрт тууралуу фактыны калыс иликтеп, өрт тууралуу жалган маалыматтар таратылуусуна бөгөт коюуга чакырган.

“Өлкөлөр арасындагы мамилени калыбына келтирүүдөгү оор учурда Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жана маалымат каражаттарынын мындай билдирүүлөрү аймакта кырдаалдын чыңалуусуна алып келиши мүмкүн. Мындан коңшулаш жашап келген эки элдин мамилеси гана эмес, аймактагы коопсуздукту сактоого жасалган бардык аракеттер жокко чыгышы мүмкүн”, деп жазылган маалыматта.

Интернетте 16-май күнү Тажикстандын Исфара районундагы Кыргызстан менен чектеш айылдагы үй өрттөнүп, ага кыргызстандык чек арачылардын тиешеси бардыгы тууралуу маалымат тараган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: