Menu

Өмүрбек Суваналиев, генерал, экс-губернатор: “Биз өз милдеттерибизди так аткардык”

Бөлүшүү:

Урматтуу мекендештер!

Акыркы учурларда менин дарегиме айтылган сын пикирлерге, ачык жооп берип койууну чечтим. Анткени айрым саясатчылар, мага жалган жалаа жаап, ММКлардан жана социалдык тармактардан каралоого киришти.

Менин ар бир кылган иш аракетим, эгемен Кыргызстанымдын жаркын келечеги, кыргыз элимдин бакубат жашоосуна багытталган. 40 жылдык тажрыйбамда ар дайым биринчи кезекте коопсуздукту камсыздоону биринчи орунга коюп келем, анткени тынчтык, туруктуулук бар жерде өнүгүү болот.

2021-жылдын 15-февралында өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун сунушу менен, чек арада жайгашкан Баткен облусуна жетекчи болуп бардым. Биринчи кезекте чек аралаш аймактагы элдердин кошуналык жакын мамилесин чыңдоо, карым катнашты бекемдөөгө кириштим. Анткени көп убактан бери чек арада тынымсыз катталып жаткан чыр чатактардан улам, аймактагы элдерде бири бирине болгон агрессивдүү маанай калыптанып бараткан экен. Бул өтө коркунучтуу. Анткени чек ара маселелери чечилген күндө да, кыргыз-тажик эли кылымдар бою кошуна болуп жашайт. Менин пикиримде, чек ара – картада гана болушу керек, жашообузда кошуна элдер, ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу.

Ошондуктан мен, КРнын Президентинин тапшырмасынын негизинде, кызматка дайындалганымдан баштап, бир айга жетпеген убакта, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары менен жолугуп, облустар аралык  кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюууга жетиштик.

Мен Баткен облусунун башчысы катары, 17-18-мартта Тажикстандын Гулистан шаарына, КРнын УКМКнын төрагасы К.Ташиев баштаган Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын курамында бардым. Анда ТРнын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода экөөбүз, кызматташуу боюнча  10 пункттан турган протоколго кол койгонбуз.

Андан соң менин демилгем, сунушум менен  22-23-апрелде “Чек ара аймактарын интеграциялоо – өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы, Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана,Тажикстандын Согди облустарынын биргелешкен форуму, Фергана шаарында өттү.

Форумда биз  Баткен-Фергана, Согди облустарынын башчылары  чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу,кошуна элдердин карым катнашын бекемдөө, облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантуу менен инвестициялык байланыштарды чыңдоону макулдашканбыз. Жолугушууга үч облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району  менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда  кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.

Андан соң 28-апрелде, буга чейинки макулдашууларга ылайык, эрте менен саат 11:30да, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан  “Кызыл-Бел” жана “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта,(чатырда) Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен  жолуктум.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Согди облусунун Гафуров жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана эки тараптын Кадастр ишканасынын, Суу чарба башкармалыктарынын  жетекчилери болду.

Аны менен катар ар бир чек аралаш райондо жумушчу топ түзүү, бир жума аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө  тапшырмасы берилди. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы, облус башчыларынын жолугушуусунда каралмай болду. Эки облус жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдаштык.

Белгилей кетсем бул жолугушууда биз,

-чек ара аймактарындагы күч түзүмдөрүнүн күчөтүлгөн тартиптеги режимди алууну,

-тажик тарап чек арада казган окопторун жабууну,

-коопсуз, жөнөкөй, жай турмушка кайтууну,

-башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы (головнойдогу) камераларды алууну макулдашканбыз.

Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной)айланасындагы маселелерди жеринде чечүү  үчүн, биздин,  эки облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Алар менен кошо эки тараптан Облустук ИИБнын, облустук УКМКнын, мамлекеттик чек ара кызматынын облустук башкармалыгынын башчыларынан турган комиссия барган.

Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын  Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун  акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып,жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алган. Ал күнү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кырдаал жонгө салынып, топтолгон эл тараган.

Эртеси 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагынан, тажик тарандары Ош-Баткен-Исфана автожолунан өткөн кыргыз жарандарына мергенчилик куралынан ок чыгара башташкан. Натыйжада кыргыз жарандары жараат алып, эки тарптын тирешүүсүн пайда кылып, бул окуя куралдуу жаңжалга айланды.

Мындан улам кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүү боюнча буйрук чыгардым. Облустук штаб облуста түзүлгөн өзгөчө кырдаалда күчөтүлгөн тартипте иштеп, ыкчам аракеттерди көрдүк.

Бул кырдаалда биринчи кезекте жергиликтүү элди эвакуациялоо иштерин колго алдык. Аларды коопсуз жайга жайгаштыруу, тамак аш менен камсыздоо маселелеринде көйгөй болгон жок.

Чек арадагы орун алган окуяга байланыштуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келип, экөөбүз төрт күн бою, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун үстүндө бирге иш алып бардык.

Ошол маалда, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салуу боюнча Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода экөөбүз да  тынымсыз сүйлөшүп жаттык.

29-апрелде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен, Тажикстандын Президенти Имомали Рахмондун буйругу менен, кыргыз-тажик чек арасында, нейтралдуу аймакта эки тарап жолугуп, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, кечки саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүгө (заявление) жана протоколго кол койдук. Кыргыз тараптан мен, Тажик тараптан УКМКнын төрагасы С. Ятимов кол койдук.

Албетте кыргыз-тажик чек арасындагы окуя адам өлүмү менен аяктаганы аябай өкүнүчтүү, бул жоготуулардын ордун эч нерсе толуктай албайт.

Белгилей кетсек, эки тарап бир пикирге келип, куралдуу жаңжалды токтотуп калганыбыз маанилүү болду. Биз жергиликтүү бийлик органдары, өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын чегинде, бизге жүктөлгөн милдеттерди аткардык. Болуп өткөн окуяларга тарых, өз баасын берет.

Сиздерди терең урматтоо менен Өмүрбек Суваналиев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу экс-өкүлү, милициянын генерал-майору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: