Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болуп келген Жээнбаев Өскөнбай Сатыбаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Зарылбек Рысалиевдин ордуна келди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ