Menu

Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жайыл районунда милиция кызматкерлери мал уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 10-майда Жайыл РИИБүнө арыз менен Кожомкул айылын 1989-жылы туулган тургуну кайрылып, 10-майга караган түнү  белгисиз адам анын сарайында турган 4 баш коюн уурдап кеткендигин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери бир катар ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүшүп, Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран кармалган. Шектүү Ж.Т. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Өндүрүш убагында шектүү адам уурдалган малдарды Аламүдүн районуна караштуу мал базарлардын бирине алып барып сатып салгандыгы белгилүү болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: