Menu

Акылбек Жапаров: “Жума күнү “Кумтөрдө” мөңгүлөрдүн жылып туруусун көзөмөлдөөчү система өчүрүлгөн”

Бөлүшүү:

Жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугун жана алардын жылып туруусун көзөмөлдөөчү система өчүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

 “Кумтөрдө” башкаруу жок болгонуна 2 ай болду, кенде ортоңку звенодогу адистер иштеп жатышат, бирок “Кыргыз голд компанинин” жетекчилери 50 күн мурун, айрымдары акыркы 2-3 жума мурда өлкөдөн чыгып кетишкен. Системаны уруксатсыз өчүрүү биздин укук коргоо органдары тарабынан каралып жатат, биз аны калыбына келтирип жатабыз. Бирок биз бүгүн саат 15:00гө чейин тийиштүү чечим кабыл алышыңызды суранат элек. Кандай чечим экенин, мен өз докладымда айтам”, – деди Акылбек Жапаров.

Андан кийин ал кесиптештерин кен тууралуу тасманы көрүүгө чакырып, андан кийин комиссиянын корутундусун улантууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: