Menu

Динара Кутманова: “Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясы менен соттошсо, бардык соттон жеңет”

Бөлүшүү:

Ушу тапта Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясы менен соттошсо, уттуруп койот, чет өлкөлүк инвесторлор келбей калат, андан көрө «Кумтөр» алтын кени боюнча талаш-тартышты сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечпейлиби дегендей да сөздөр айтылып келет. Дүйнөлүк тажрыйбада жергиликтүү калктын ири компанияларды сотто утуп алган учурлар деле жок эмес. Аларга караганда биздин позициябыз кыйла бекем да. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

“Кумтөр” жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого милдеттенме алган. Бирок канадалык тарап өз милдеттенмесин аткарган жок. Эң одоно мыйзам бузуу – таштандынын мөңгүлөрдө төгүлүшү. Бул келишимди бузууну талап кылууга жол берет.

“Мөңгүлөргө таштанды төккөн болбойт, «Центерра Голд» компаниясы жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактап жатабыз деп жатат. Алар элди, ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту адаштырып жатат. Алардын айтымында, өкмөт жана парламент Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берген. Алар маселени башка нукка буруп жатышат. Парламент иш-аракеттерге уруксат берди, бирок калдыктарды мөңгүлөргө төгүүгө уруксат берген эмес”, – деди ал.

“Алар калдыктардын Давыдов мөңгүсүнө жакын жерде төгүлгөнүн өздөрү да четке какпайт. Биздин позициябыз абдан күчтүү. Мен ар кандай процесстерде, атүгүл арбитраждык соттордо дагы жеңишке жетебиз деп ишенем”, – деди комитет башчысы.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн. Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: