«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик ишине активдүү кийлигишкен. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.
Анын айтымында, канадалык компания көп жылдар бою айрым саясатчыларга карьерасын курууга, жада калса алардын премьер-министр жана президент болушуна жардам берип келген.
“Ал айрым активисттер, саясатчылар компаниянын дарегине айтылган сынга байланыштуу түрмөгө отурушса, айрымдары карьерасын Centerra Gold компаниясынын жардамы менен курушкан. Компания аларга премьер-министрдин, ал тургай президенттин ордун ээлөөгө жардам берген”, – деди ал.
Ал Кумтөр долбоорунда бир дагы мамлекет жетекчи өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн өз укугун пайдаланган эместигин белгиледи.
Акылбек Жапаров экс-премьер-министр Сапар Исаков бир жарлыгы менен “Центерра Голдго” карата 22,5 миллиард сомдук доодон баш тартканын, кен боюнча комиссияны бир гана президент Роза Отунбаева түзбөгөнүн, бирок ал убактылуу өкмөттүн бир декрети менен кенди улутташтыра алмак экенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ