Menu

Баткен облустук администрация: Чек арада кармалган тажик жарандары бошотулду

Бөлүшүү:

Чек арада кармалган жарандар бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: