Menu

Мамкомиссия “Кумтөргө” убактылуу сырттан башкарууну киргизүүнү сунуштайт

Бөлүшүү:

“Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссия концессия жөнүндө мыйзамдын негизинде КР Өкмөтүнө концессияны токтотууну жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкарууну киргизүүнү сунуштайт.  Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ошондой эле, укук коргоо органдары менен Башкы прокуратурага чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоого баа берүү сунушталат. Т.а. премьер-министрлерге, Кумтөр боюнча келишимдерге кол койгон президенттерге,  Мамэкотехинспекциянын директорлоруна, мамлекеттик салык кызматынын жетекчилерине, Кыргызстандын атынан Centerra Gold Inc. компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, “Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңешинин жана башкаруу кеңешинин төрагаларына, “Кыргызалтын” текшерүү комиссиясынын төрагаларына баа берүү сунушталат.

“Коммерциялык уюмдун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик кызыкчылыкка чыккынчылык кылуунун белгисин көрүп жатабыз», – деди ал.

Ал ошондой эле, көп иштер жаңыдан башталганын белгилеп, комиссиянын ишин күзгө чейин, жаңы парламент келгенге чейин узартууну суранды.

“Арбитраждык сот процесси башталат, биз бардык документтерди даярдап койдук жана биздин юристтер арбитраждык сотто парламентти эл өкүлү катары катышууну сунушташты”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: