Бүгүн, 17-майда саат 11:00лерге жакын Тажикстан Республикасынын 2 жараны Ак-Сай айыл ичинде жөө баратып, өз алдынча байкоо жүргүзүп кыргыздардын намысына тие турган сөздөрдү айтышканда, Баткен районунун Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары кармап алышкан. Ошол эле замат тажик чек арачысы келип калганда, аны да жергиликтүү тургундар кармап алышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Ак-Сай айылынын 3 кыргыз жараны Кишемиш жайлоосунан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү 2 автоунаа менен кайтып келе жатканда Тажикстан Республикасынын Ворух анклавында тажик жарандары аркылуу кармалган. Андан кийин Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар “Hyundai Sonata” жана “Honda CR-V” үлгүсүндөгү унаалары менен 4 тажик жарандарын кармап алышкан.
Аталган аймакка Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги М.Боронов, Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Шагамурзаевтер келип, чогулган элдер менен жолугушкан.
Андан соң тийиштүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эки тарапта кармалып турган жарандарды алмаштырышкан.
Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан кармалган 3 кыргыз жараны Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилди. Бул окуя Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат
Азыркы учурда абал туруктуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ