Menu

Тенгиз Бөлтүрүк, “Центерранын” директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү: “Кумтөрдүн” келечеги кең, анын ишмердүүлүгүн дагы 10 жылга узартууга болот”

Бөлүшүү:

Кумтөрдүн келечеги кең. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

 “Центерра” менен “Кумтөрдүн” бардык документтерин изилдеп чыгып, пландаштыруу жана натыйжалуу иштөө менен “Кумтөрдүн” өмүрүн дагы он жылга узартууга болот деп айта алам. 300 тоннадан ашкан алтындын запасын казып алуу мүмкүнчүлүктөрү чоң. Кумтөрдүн келечеги кең деп эсептейм”, – деди ал.

Белгилей кетсек, ЖКнын бүгүнкү кезексиз жыйынында «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: