Menu

Тенгиз Бөлтүрүк: “”Кумтөрдө” мөңгүлөрдүн жылып туруусун көзөмөлдөөчү системанын өчүрүлүшү – Кыргызстанга каршы диверсия”

Бөлүшүү:

Кыргызстанга финансылык жактан сабаттуу экономисттер жана экологдор керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, “Centerra Gold Company” менен болгон макулдашуунун шарттарын биротоло карап чыгуу керек. Алар бул маселени чечү үчүн юридикалык компаниялар менен биргеликте иштеп жатышат.

Ал “Кумтөрдөгү” мөңгүлөрдүн жылып туруусун көзөмөлдөөчү системанын өчүрүлүшү жумушчулардын өмүрүнө кооптуу жагдай жаратып жатканын белгиледи.

“Эгерде мөңгүлөрдү көзөмөлдөп турбаса, анда анын максималдуу ылдамдык алганын, көчкөнүн байкабай калабыз. Мындай кырсык 2019-жылы 2 адамдын өлүмүнө алып келген. Биз муну отчетто  өзүнчө белгиледик, бүгүнкү күндө кылмыш иши бүгүн кайрадан каралууда. Мөңгүлөрдүн жылып туруусун көзөмөлдөөчү система кечээ эле өчүрүлгөн. Жетекчилик 1,5 жыл мурун бардык тутумдар аралыктан башкарууга өткөн деп ырастоодо”, – деди ал.

Бул тутумду иштен чыгаруу менен, алар биздин жумушчулардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатышат. Эгерде мөңгү элди басып калса, катастрофа болот, ал жакта жүк ташуучу унаалар көп, мөңгү көчсө, ал жердеги кырсыкты алдын-ала айтуу мүмкүн эмес. Бул ачык фактты жөн гана саботаж деп атоого болбойт, бул өлкөгө, Кумтөрдүн жумушчуларына каршы диверсия , – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: