Menu

Талант Мамытов: “30 жылдан бери “Кумтөр” маселеси чечилбей келет. Тагдырдын буйругу менен тарыхый жана акыйкат чечимди кабыл алуу парламенттин 6-чакырылышына жүктөлдү”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар канадалык Centerra Gold Inc компаниясы башкарган “Кумтөр Голд” алтын өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралып жатканда, спикер Талант Мамытов Кыргызстандын Centerra Gold Inc компаниясына койгон каржылык дооматтарынын көлөмү жөнүндө сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров экологиялык мыйзам бузуулар, мөңгүлөрдө таштандыларды сактаганы үчүн Centerra Gold Inc компаниясына 262 миллиард сом доо коюлгандыгын, ал 3,2 миллиард долларды түзөрүн айтты. “Дагы 1,2 миллиард доллар өлчөмүндө салыктар бар. Жалпысынан ага карата каржылык дооматтардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион долларды түзөт”, – деген жообун берди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы канадалык компания тарабынан экологиялык мыйзамдарды бузуу Кыргызстандын гана эмес, Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын төмөнкү агымында жайгашкан аймактардагы башка өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына да таасир этерин белгилеп, ушунун баарын эсептөөнү сунуштады. «Бул маселе биз ойлогондон дагы кененирээк каралышы керек, анткени мөңгүлөрдүн талкаланып, суу ресурстарынын булганышы биздин мамлекетке гана эмес, коӊшу өлкөлөргө дагы зыянын тийгизип жатат. Доонун көлөмү кыйла көбөйөт деп болжолдой алабызбы?», – деген собол салды ал.

Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra Gold Inc компаниясына коюлган доо мындан дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. «Дагы экологияны бузган эки факты боюнча талдоо жүргүзүлүп жатат. «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесинде суу ресурстарын булгаганы үчүн айыптар каралган. Эгер компаниянын айлана-чөйрөгө зыян келтиргени тастыкталса, тиешелүү чаралар көрүлүүгө тийиш», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Талант Мамытов Центерра Голд Инк компаниясынын пайдалуу эмес кендерге лицензия алганын, компаниянын ишинде ачык-айкындуулуктун жоктугун, Мамлекеттик комиссиянын ишине тоскоолдуктарды жаратканын сынга алды. “30 жылдан бери “Кумтөр” маселеси чечилбей келет. Тагдырдын буйругу менен тарыхый жана акыйкат чечимди кабыл алуу парламенттин 6-чакырылышына жүктөлдү”, – деп, ал депутаттарды Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн биригүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: