Menu

Акылбек Жапаров: “Кумтөрдү” улутташтырабыз деген – бул сабатсыздык, өзүбүздүн жер менен кенди улутташтырмак белек? Азыр тышкы башкаруу киргизип, анан калганын конфискациялаш керек”

Бөлүшүү:

“Кумтөрдү” улутташтыруунун кажети жок. “Кумтөрдү” улутташтырабыз деген – бул сабатсыздык. Өзүбүздүн жер менен кенди улутташтырмак белек? Азыр ал жерге тышкы башкаруу киргизип, анан калганын конфискациялаш керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жер менен кен байлык мурдатан бери элге таандык.

“Биз жерди жана кен байлыктарды улутташтыра албайбыз, анткени алар мурунтан эле элге таандык. Кен чыккан жер концессиялык келишимдин негизинде иштетилген. Ошондуктан биз тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштайбыз, калганын конфискациялоо жолу менен же сот аркылуу банкрот деп жарыялоо менен чечсе болот”, – деди ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: