Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз чукул жыйынында Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан Центерра компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 1992-жылдан бери “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдерге кол койгон чиновниктердин атын атады.
Анын айтымында, 1992-жылдан бери 13 чиновник келишим түзгөн. Алар:
1992-жыл – премьер-министр Турсунбек Чынгышев;
1993-жыл – Турсунбек Чынгышев;
1994-жыл – Премьер-министр Апас Жумагулов, “Кыргызалтын” ААКнын төрагасы Дастан Сарыгулов, Давлетов;
1995-жыл – Дастан Сарыгулов;
2003 – “Кыргызалтындын” жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов;
2003-жыл – премьер-министр Николай Танаев жана Камчыбек Кудайбергенов;
2004-жыл – Камчыбек Кудайбергенов жана Юстиция министри Курманбек Осмонов;
2007-жыл – премьер-министр Алмазбек Атамбаев;
2009-жыл – Президент Курманбек Бакиев жана Алексей Елисеев;
2009-жыл – премьер-министр Игорь Чудинов жана Алмаз Жакыпов;
2013-жыл – Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев;
2017-жыл – Премьер-министр Сапар Исаков;
2019-жыл – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ