Menu

Санкт-Петербургдагы жапырт мушташтан кийин алты тажикстандыкка кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Санкт-Петербургда Борбор Азия жарандарынын ортосунда жапырт мушташуу болгондон кийин алты тажикстандыкка “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Алар камакка алынды.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, мушташ Санкт-Петербургдун Приморский районунда болгон. Себеби айтылган жок. Бул арада айрым ЖМКлар башаламандыкка жүздөй адам катышканын, арасында жыгач казыктар, темир шиштер менен куралдангандар болгонун жазышты.

Полиция 45 кишини кармаганын, 130 чет өлкөлүк жарандын документи текшерилип, алардын бирине жалган документ жасаганы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.

Мушташ боюнча кылмыш иши козголгон алты тажикстандык курулуш компанияларынын биринде иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: