Menu

Түркмөнстандагы 250дөн ашуун казак тарыхый мекенине кайтты

Бөлүшүү:

Түркмөнстандан 250дөн ашуун казак тарыхый мекенине кайтты. Атайын поезд аларды Мангистау облусуна алып келди. Көбү бул көчтү узак күтүшкөн. Түркмөнстанда каттоодон алынган казактар көчөбүз деп жатканда коронавирус тарап, чек ара жабылып калган.

Түркмөнстандагы казактардын алгачкы тобу февралда келген. Арадан үч ай өткөндөн кийин экинчи каттам уюуштурулду.

Көптөгөн кишилер көчүп-конуу учурунда кирешелеринен ажырашат. Алар Түркмөнстандын каттоосунан чыккандан кийин ал жактан пенсия жана жөлөк пул албай калышат. Казакстан болсо документтер толук бүткөндөн кийин гана социалдык төлөмдөрдү жүргүзө баштайт. Каттоодон өткөндөн кийин гана расмий түрдө жумушка орношууга мүмкүн. Мангистау аймагында жумушсуздуктун деңгээли жогору болгондуктан, ишке кирүү кыйын.

Казакстан чет өлкөдөгү казактарды 1991-жылдан бери кабыл ала баштаган. Бул убакыт аралыгында өлкөгө бир миллиондон ашуун репатриант келген. Өткөн жылы 12 миңдей казак кайткан, бул Казакстан эгемендүүлүк алган убакыттан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. 90-жылдардын башында өлкөгө 40 миңдей казак келген учурлар болгон. Көчтүн азайышына пандемиядан тышкары Шинжаңдагы жагдай да таасир этти. 2017-жылдан бери Кытай казактар менен уйгурларды лагерь менен түрмөгө камап, өлкөдөн чыгарбай жатканы айтылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: