Menu

“Чек арасыз кабарчылар” казакстандык блогерди колдоду

Бөлүшүү:

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму “Инстаграмдагы” Qaznews24 баракчасына сатиралык материал жарыялаган Темирлан Енсебекти коргоп чыкты.

Темирлан Енсебек азырынча Кылмыш кодексинин “жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча күбө катары өтүүдө. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Уюм “Твиттердеги” аккаунтунда Казакстан бийлигин “сөз эркиндигин сыйлоого” чакырды. “Юмор кылмыш эмес!”— деп айтылат твитте.

15-майда Темирлан Енсебектин үйүнө полиция келип, тинтип, анын телефонун, ноутбугун, компьютерин конфискациялаган.

Тергөөчүлөр Темирлан Енсебектин “Инстаграмдагы” Qaznews24 баракчасындагы сатиралык постун “жалган маалымат” деп эсептешет.

Бир постунда блогер Казакстандын дин иштери боюнча башкармалыгына “Нурсултан Назарбаевге Кудай макамын ыйгарып, аны Конституцияга киргизүүнү” сунуш кылган.

Полиция Енсебектин үйүн тинтип чыккандан кийин аны кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткирген. Тергөө беш саатка созулуп, андан соң блогер бошотулган.

Енсебекти казакстандык “Адил сөз” уюму да колдоду. Уюмдун билдирүүсүндө “жалган маалымат таратуу” беренеси сатира менен юморго эч кандай тиешеси жок экени, сатиралык материалдар коомдук коркунуч жаратпай турганы айтылган.

Эгер блогер “жалган маалымат таратуу” беренеси боюнча айыптуу деп табылса, беш миң айлык эсептик көрсөткүчтө айып пулга жыгылып же түзөтүү жумуштарына тартылып, болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: