Menu

Ворухта кыргызстандыктарды сабаган тажик жарандары мыйзам чегинде жоопко тартылат

Бөлүшүү:

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кечээ, 18-майда Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тажикстандын Согди облусунун башчысы менен жолугушуусу болгон. Тараптар кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын, мыйзам чегинде жоопко тартууга макулдашты.

Чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ак-Сай айылынын жана Ворух анклавынын чек арасында эки өлкөнүн ички иштер кызматкерлери тарабынан постторду түзүү чечими кабыл алынды.

Жакынкы күндөрү тараптардын аксакалдарынын жолугушуусу болот деп пландалууда. Бүгүн, Баткен облустук администрациясынын жетекчилиги Ак-Сай айылынын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тажик тарап менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат берилди. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: