Menu

Генпрокуратура: Мамлекеттин менчигине 90 миллион сомдон ашык мүлк кайтарылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 98 160 000 сомдук 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин (азыркы мэрия) 1996-жылдын 22-августундагы мыйзамсыз буйругу менен аталган шаардан 4 гектар болгон жер аянтын «А.» аталышындагы ишкерлер ассоциациясына менчик катары автосервис куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: