Бүгүн, 18-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 234 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 112, Ош – 3, Чүй облусунан – 81, Ош облусунан – 6, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен – 3. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 100 966 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 282 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 94 168ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 187, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 65, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 3, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 6, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1718ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ