Чүй облусунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, Москва районундагы Беш-Терек айылында, 66 жаштагы эркек киши көлмөдө кайык менен балык уулап жаткан учурда белгисиз себептер менен каза болуп, көлмөнүн ортосунда туруп калган.
Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды мамлекеттик даярдоо борборунан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин көлмөнүн жээгине чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлуп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ