Menu

Москва районунда 54 жаштагы эркек киши үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өз үйүн өрттөп салган

Бөлүшүү:

Жайыл районунда 54 жаштагы эркек киши өз батирин өрттөп салган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымныда, 15-майда саат 22:48 чамасында Жайыл РИИБүн нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги батирден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. .

Бул факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Окуя болгон жерде Ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери гана эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер дагы иштешкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда аталган батирде жубайлар жашап келишкен алар, 54 жаштагы С.А. жана 53 жаштагы С.Т.,  бирок өрт учурунда батирдин ээлери үйдө жок болушкан.

Өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, өрттүн түтүнү жогорудагы батирлерге көтөрүлүп, натыйжада бир батирдин ээси 57 жаштагы Р.Г. көмүр кычкыл газына ууланып реанимация бөлүмүнө жеткирилип, анын коногу 40 жаштагы П.Н. ошол жерде каза болгон (алдын ала маалымат боюнча көмүр кычкыл газына ууланган).

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 54 жаштагы С.А. өрт чыккан батирдин ээси кармалып РИИБнө алынып келген. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун, айткан , бирок кийинчерээк өзүнүн үйүн үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өрттөгөнүн мойнуна алган. Бардык жагдайлар такталып жатат.

Бул факт Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261+беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) жана  135-беренеси  (Шалаакылык менен өлүмгө алып келиши) катталган. Керектүү экспертизалар дайындалды. Адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өнүдүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: