“Бүгүн мамлекет башчысынын администрациясындагы акыркы жумушчу күнүм. Ушактардан сактануу үчүн, мен Садыр Нуркожоевич менен жакшы мамиледе кала турганыбызды айтат элем. Мага жүктөлгөн бардык тапшырмаларды аткардым, эми алдыда жаңы иш турат. Бирок бул тууралуу кийинчерээк билдирем”, – деп жазды ал.
Галина Байтерек бардык журналисттерге жана блоггерлерге кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы болуп 2020-жылдын 29-октябрында дайындалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Галина Байтерек Маданият министрлигинин басма сөз кызматын жетектейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ