Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Улугбек Ормонов.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерге жана шайлоо өткөн жок деп табылган учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү механизмин жөнгө салууга багытталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ