Menu

Баткен облусуна атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кенештин регламенти боюнча комитети “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча Айыл чарба, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоору боюнча маалымат берди. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү, Баткен облусунун Координациялык кеңешин түзүү, атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүү демилгеси сунушталып жатканын билдирди.

Талкуу жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорунда Баткен облусун өнүктүрүүнүн жана колдоонун механизмдерин так жазуу керектигин белгиледи. “Мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо керек, бирок кийинки окууларда каржылоо булактарын аныктоону камтыган конкреттүү ченемдерди киргизүү керек”, – деп белгиледи ал.

Депутат Иса Өмүркулов жалпы сөздөрдөн конкреттүү иш-аракеттерге өтүү керек деп эсептейт.Ушундай эле пикирди депутат Аалы Карашев дагы билдирди. «Министрлер кабинети Баткен облусунун ар бир району боюнча атайын программасын, иш-чараларын иштеп чыгышы керек болчу. Азыркы шартта көнүмүш чечимдердин кереги жок ”, – деп кошумчалады Аалы Карашев.

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоору декларативдүү болуп калганын, Баткен облусун өнүктүрүүнү ар тараптуу караш керек экенин баса белгиледи. “Жыл сайын Баткен облусу үчүн белгилүү бир өлчөмдө каражат бөлүп туруу керек “, – деп кошумчалады ал.

Депутат Самат Исманов Баткен облусунда кадр маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул жаатта чечим кабыл алууга жөндөмдүү тажрыйбалуу жана кесипкөй кадрларды жөнөтүү керектигин баса белгиледи.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев бул мыйзам долбоорунун автору жөнүндө маселе көтөрүп: “Бул мыйзам долбоорун ким иштеп чыккан?”, -деп сурады. Баяндамачы министрлик аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу болгондуктан, Министрлер кабинети бизге ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу  тапшырмасын берген деп жооп берди.

Депутат М.Абдылдаев мыйзам чыгаруу жүрүмүнүн принциптери менен ченемдерине учкай токтолуп, Баткен облусунда жеке жоопкерчиликти ала турган кызмат адамы болушу керектигин кошумчалады. “Мамлекет Баткен облусундагы бардык маселелерди чечиши керек, Ал үчүн бардыгы пункт-пункт менен баяндала турган документ керек”, – деди депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: