Байтерек Галина Жумабековна Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Галина Байтерек 2020-жылдын 29-октябрынан бери Садыр Жапаровдун пресс-скатчысы болуп эмгектенип келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ