Menu

Депутат Пархат Тулендыбаев баштаган «Иттипак» коомдук бирикмеси чек арада жабыр тарткандарга 1 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Жогорку Кенештин депутаты Пархат Тулендыбаев баштаган «Иттипак» коомдук уйгурлар бирикмеси  Баткен облусунун Максат айылына 1 млн сомдук гуманитардык жардам берип келишти. Бул тууралу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Чек арадагы жанжалдан кийин Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарында турак-жайлар, мектеп, балдар бакча, чек ара бекети баш болгон бир катар социалдык обьектилер  жабыркаган. Райондогу беш айылдын ичинен Максат айылы өзгөчө жапа чеккен.

Депутат «Иттипак» коомдук бирикмеси тарабынан марафон өткөрүлүп, анда чогулган каражат Максат айылына толугу менен жеткирилгенин билдирди. «Биз атайын чек арада жабыркаган жергиликтүү калкка жардам берүү үчүн ушундай иш чара уюштурдук. Анда 1 млн сомдон ашуун каражат чогулду, Максат айылынын жергиликтүү башкаруучулары менен байланышып, кандай муктаждыктары бар экенин тактадык. Алар мектепке керектелүүчү жабдууларды айтышты. Окуу партасы, үстөл, интерактивдүү доска, жарыктандыруучу шам чырактар, окуучуларга форма, кийим-кечелер жана азык-түлүктөрдү тапшырдык», – дейт ал.

Эл өкүлү Пархат Тулендыбаев ушу тапта мамлекет башчы тарабынан чек арага чектеш аймактарга атайын макам берүү маселеси колдоого алынып жатканын белгиледи. «Баткенде жашап, Бишкекте үйү бар эжекелер бар экен, алар ал жактан башка жерге кетүүнү каалашпайт, андыктан жаңы каралып жактан мыйзам долбоору  алардын жашоосун жакшыртуу чаралары, салык төлөөдө жеңилдиктер каралмакчы», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: