Menu

КРнын ЖОЖнан 60дан ашуун окутуучу интеллектуалдык менчик боюнча атайын курстун катышуучусу болушту

Бөлүшүү:

17-, 18-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) ЖОЖдордун окутуучулары үчүн “Интеллектуалдык менчик жана инновация объектилерин укуктук коргоо” аталышында атайын тереңдетилген курсун өткөрдү. 

Аталган курска И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Борбор Азиядагы эл аралык университеттин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучулары жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери, интеллектуалдык менчик жана инновациялар ишмердиги жаатындагы мыкты адистер интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, коргоо жана сактоо тууралуу маанилүү маалыматтар менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасында инновациялар экосистемасын өнүктүрүүнүн актуалдуулугун белгилеп өтүштү.

Онлайн форматта патенттик кооперациялар жөнүндө Келишим жана башка келишимдерге ылайык, улуттук жана эл аралык процедурада интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмө берүү системасы тууралуу кенен маалымат көрсөтүлдү. 

Катышуучуларды көбүнесе Кыргызпатенттин КРнын ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлордун практикалык ишин жандандыруу темасы кызыктырды.

Эскерте кетсек, Кыргызпатент конкреттүү чөйрөдө студенттерди бизнестин реалдуу технологиясы тууралуу окутуу (маркетинг, продукту алгылатуу, бизнести монетизациялоо методдору, жарнама ж.б.) максатында, акыркы эки ай ичинде Кыргызстандын 11 ЖОЖунда бизнес-инкубаторлорду ачты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: