Menu

Кумтөр кенинин жамаатына тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк тааныштырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кумтөр кенинин жамааты менен жолугушту, анда ал жамаатка «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди.

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: