Menu

“Центерра Голд” Кыргызстандын акцияларды башкаруу укугун чектеди

Бөлүшүү:

“Центерра Голд” (Centerra Gold Inc.) компаниясы тараткан маалыматка ылайык, “Кыргызалтын” Кумтөрдөгү 26% акциясын башка тараптарга өткөрүп бере албайт жана алмашууга тыюу салынат. Ошондой эле акцияга байланышкан добуш берүү укугу чектелет.

Компания мындай чечимди Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кабыл алды.

Аталган компаниянын билдиришинче, акциялар тууралуу чечимдер “Кыргызалтын” менен “Центерра Голддун” 2009-жылдагы келишиминде каралган. Анда кыргыз тарап акцияларын башкаруу мөөнөтүн азыр узарта албастыгы жазылган.

Канаданын BNN Bloomberg басылмасы 15-майда “Кыргызалтын” ишканасы “Центерра Голддогу” үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыккан.

Басылма акцияларын сатууну “Кыргызалтын” өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирген.

Ал эми “Центерра Голддун” Кыргызстандын өкүлчүлүгү бул маалыматты четке каккан.

“Кыргызалтындын” аталган компанияда 77,4 млн. акциясы бар жана ишкана акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка үн ката элек.

17-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Анда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: