Menu

Алматыда нааразылык акциясынан кийин курьерлерге мурдагы төлөм системасы кайтарылды

Бөлүшүү:

Алматыда Wolt аттуу тамак жеткирүү сервиси ондогон кызматкеринин нааразылыгынан кийин алардын талаптарын аткарып, убактылуу мурдагы өлчөмдө айлык акы төлөп турууга макул болду.

Күн мурун Vlast интернет порталы Wolt бир жумадан бери нааразылык билдирип жаткан 40 кызматкердин аккаунтун бөгөттөгөнүн кабарлаган. Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн өкүлү бул кызматкерлер штаттык персоналдар үчүн «коркунуч жаратып жатканын» билдирген.

18-майда курьерлер компания кеңсесинин алдына чогулуп, жетекчиликке үч талап коюшту: мурдагы төлөм тарифтерин кайтаруу, кызматкерлердин бөгөттөлгөн аккаунттарын ачуу жана бир чакырым аралыкты бекер жүрүү эрежесин жоюу.

Башкы кеңсеси Финляндияда жайгашкан Wolt компаниясынын Казакстандагы өкүлү Алибек Есов чогулган курьерлердин алдына чыгып, аларга убактылуу мурдагы төлөм системасы кайтарыларын билдирди.

«Убактылуу мурдагы төлөм системасы калат. Биз бул маселе боюнча акимчилик менен иштешип жатабыз. Акимчилик базардагы абалды текшерип, компания кызматкерлерине кандай айлык төлөнүп жатканын изилдеп чыгат. Башкысы бул шарттар курьерлер, кардарлар жана компания үчүн ыңгайлуу болушу керек. Бул талаптар бардык тараптарды канааттандырышы зарыл», — деди Есов.

Ошол эле күнү Wolt кеңсесинин башчысы кызматкерлердин аккаунттары ачылганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: