Ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, кечээ, 18 май күнү Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Саат 20:08 өрткө №5 ӨКБдан бир бөлүм тартылган, саат 20:26 өрт чектөөгө алынып, 20:50 өрт толук өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ