Menu

ИИМдин ыкчам кызматтарынын ардагери Рысбек Бобушевдин жаңы кодекстер боюнча пикири

Бөлүшүү:

ИИМдин  ыкчам кызматтарынын ардагери Р.С. Бобушев ички иштер органдарынын криминалдык милиция кызматынын жана башка ыкчам
кызматтарынын жазык кылмыштардын бетин ачуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө өз пикирин билдирди.

Мен үчүн, Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтарынын ардагери катары, атайын, юридикалык жана академиялык – башкаруучу-укуктук негизги билими бар жана ыкчам бөлүмдөрүндө чоң тажрыйбасы бар, изин суутпай иликтөөнүн ыкчам кызматкеринен республиканын ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басарына чейин жеткен адам катары бүгүнкү күндө кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн ыкчам алдын алуу, даярдалган жана пландаштырылган кылмыштардын алдын алуу, кылмыш жасаган адамдарды аныктоо жана кармоо (ачыкка чыгаруу), ошондой эле кылмышкерлерди, анын ичинде тергөө жана соттон качып кеткендерди издөө жана кармоо сыяктуу негизги багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер олуттуу тынчсыздануумду жаратууда.

Биздин коом ашыкча саясатташып кетти, анда, айрыкча акыркы жылдары бардык мамлекеттик органдар жана жарандар шайлоолор жана бийлик үчүн күрөш менен алек болууда, жазык кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча эч кимдин иши болбой калды.

Анын айынан адамдардын жазасыз калуусу көбөйүп баратат, жасалган кылмыш үчүн жазанын сөзсүз болушу принциби иштебей калды. Жоопкерчиликтин
милдеттүү принциби ошол эле учурда профилактикалык иш-чара болуп саналат, жаран бардык чаралар менен жооп бере тургандыгын билүүгө тийиш. Ошондо жарандар мамлекет менен мыйзамдын тамашасы өтө жаман экендигин сезишет эле.

Жазасыз калуу жарандардын Мыйзамды сыйлабагандыгына жана тоготпогонуна алып келүүдө. Жарандар милиция кызматкерин бийликтин өкүлү катары тааныбай калды, акыркы мезгилде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптары коомдо аткарылбай жатат, укуктук нигилизм гүлдөп жатат, бул ички иштер органдарынын алсыздыгын жана акыры, бийликтин алсыздыгын айгинелейт.

Эгерде мамлекеттик бийлик органдары жана укук коргоо органдары бул маселелеге олуттуу көңүл бурбаса, укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрдүн көйгөйлөрү менен алектенишпесе, анда экономикабыздын начардыгы жана өлкөдө талаптагыдай мыйзамдуулуктун жоктугу менен кошо биз жакынкы келечекте мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылып калбашыбызга эч ким кепилдик бере албай калат.

Ички иштер министрлигинин Академиясынын ардагерлеринин пикири боюнча, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн канааттандырарлык эмес абалынын себеби катары 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан тартып иштеп кирген Мыйзам айтылууда, анткени бул Мыйзам ички иштер органдарынын тергөө,
криминалдык милиция жана башка ыкчам кызматтары сыяктуу бир катар кызматтардын ишин токтотууга алып келди.

Ыкчам-иликтөө түзүмдөрү өз алдынчалуулугун жана эркин издөө функциясын жоготту, тактап айтканда, алардын “колу-бутун байланып” калды. Жазык-процесстик кодекстин өзгөрүшүнө байланыштуу, алар кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өзүнүн негизги натыйжалуу куралы болгон ыкчам-издөө ишин толук кандуу колдоно алышпайт.

Ал эми тергөөчүлөр, өзгөчө даана эмес кылмыштар боюнча, кылмыш иштерин сапаттуу иликтей албайт, алар кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү боюнча ыкчам кызматкерге тапшырма берүүгө алаксыйт, а айрым ыкчам-издөө иш-чаралары боюнча тергөөчү иликтөөнү таштап коюп, аларды жүргүзүүгө санкцияларды алуу үчүн тергөө судьясына “чуркайт”, андан соң билдирме үчүн прокуратурага “чуркайт”. Көрсөтүлгөн тергөө тапшырмалары формалдуулук болуп саналат, анткени тергөөчүлөр ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү тууралуу үстүртөн гана маалымдар, кээде болсо
ыкчам иштөөдө билими жана тажрыйбасы жок. Мындан тышкары, алар ишмердүүлүктүн бул түрүнө уруксаты жок. Демек буга чейин ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн колдонуу менен бети ачылган кылмыштардын көптөгөн түрлөрү бүгүнкү күндө бети ачылбай калууда.

Тергөөчү – бул процессуалдык жак, ал иликтөө менен алектениши керек. Ал далилдөө түйшүгүн көтөрөт, ал эми ыкчам кызматкер кылмыштарды ыкчам жол менен ачып, аныктап, качып кеткен кылмышкерлерди издөө жана кармоо менен алектениши зарыл. Ар бири өзүнүн ишин аткарууга милдеттүү.

Көбүнчө маалымат сайттарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эгерде коомдук нааразычылыкты жараткан кылмыш жасалса, анда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө коомчулукка отчет берип жаткандыгын байкайм, бирок муну менен баары чектелип калат.

Дагы бир жолу белгилегим келип турат, эгерде кылмыш жасалса, анда жаңы мыйзам боюнча ал КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, жана
андан кийин гана тергөөчү ыкчам кызматкерге кылмышты жасаган жакты аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү тапшырмасын берет,
тагыраагы бул учурда кылмыштын бетин ачууда “кылмыштын изин суутпай ачуу” боюнча өз убактуулугу жана ыкчамдуулук жоголуп жатат. Мисалы, Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлтүрүлүшү, эгерде ыкчам кызматтар жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин мурдагыдай өз алдынча болсо, аларга кылмышкерлерди аныктап, кармоо жана оор кылмыштын алдын алуу оңой болмок, анын үстүнө мамлекеттик номерлери көрсөтүлгөн унаанын видеосъемкасы бар болчу жана кадрда уурдагандардын бети-жүзү даана көрүнгөн.

Дээрлик ыкчам-издөө ишмердүүлүгү ички иштер органдарында  “бузулган”. Буга чейин ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү тууралуу Мыйзамда каралган 21 ыкчам-издөө иш-чаранын ичинен, ЖПКнын 213-беренесине ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жарымынан көбү атайын тергөө амалдары катары бекитилген, бул ыкчам-издөө иш-чараларын ыкчам кызматкерлер тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча гана жүргүзө алат, тагыраак айтканда, ыкчам кызматкер өзүнүн өз алдынчалуулугун жана ыкчамдуулугун жоготкон. Ыкчам кызматкер ошол үчүн ыкчам деп аталат, анткени өз учурунда, “кылмыштын издери сууп” кеткиче аракет көрүшү зарыл.

Мисалы, ыкчам кызматкер окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобунун курамында барып, коопсуздукту камсыз кылат да, тергөөчүнүн суракка алуучунун тапшырмасы менен күбөлөрдү жеткирүү сыяктуу башка буйруктарды аткарат. Ыкчам  кызматкер чындыгында тергөөчүнүн, суракка алуучунун жардамчысы же тапшырма аткаргычы болуп калган. Эгерде тергөөчүдөн эч кандай буйрук түшпөсө, анда ыкчам кызматкер бекер отуруп калышы мүмкүн. Эгер ал өз
алдынча иш-аракет кыла баштаса, анда бул жаңы Жазык-процесстик мыйзамдарды бузгандык болот, ал үчүн ал толук жооп берип калат. Жазык-процесстик кодексине ылайык атайын тергөө иш-аракеттеринин катарына кирбеген ыкчам-иликтөө иш-чараларын азыркы учурда өткөрүү жөнгө салынбаган бойдон калууда.

Ошондой эле билинбеген кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу каражаты болгон ыкчам маалымат булактары менен иштөө бузулган. Мындан тышкары, криминалдык милиция кызматы кылмыштын бетин ачуу менен алектенсе, анда баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтары кылмыштарды аныктоо менен алектенип жүрүшөт, б.а. алардын иши
толугу менен өз убагында маалымат алуудан көз каранды болууда. Бул учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары менен Жазык-процесстик кодексинин ортосундагы байланыш терс ролду ойноп жатат.

Бизде жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуучулар жөнүндө “асманда учуп жүрүшкөн” жана чыныгы практикалык иш-аракеттерден таптакыр алыс болушкан деген ойлор жаралат, анткени жаңы нерсе – бул унутулуп калган, бирок жакшы эски нерсе демекчи, биз ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлерине өз алдынчалыкты жана жоопкерчиликти берип, ошондой эле тергөөчүнү кылмыштардын бетин ачуунун адаттан тыш функциялардан бошотуу менен мурунку мыйзамдарга кайтып барууну сунуштайбыз.

Күчтүү мыйзамдуулук жана кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш коомдун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизет. Темирдей бекем тартип болбосо, экономика өнүкпөйт, социалдык жана башка маселелер туура чечилбейт, элдин жана мамлекеттин бакубатчылыгы жогорулабайт.

Милициянын отставкадагы полковниги Р.С. Бобушев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: