Menu

Видео – Аскар Акаев: “Кумтөр” алтын кени боюнча эң биринчи 2009-жылдагы келишимди түзгөн Акылбек Жапаров жоопко тартылышы керек”

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кени боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим эң чоң зыян алып келип отурат. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев AVTOR TVге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык маселелер барып 2009-жылдагы келишимге такалат.

“Мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров 2009-жылдагы келишим тууралуу эч нерсе айткан жок. Ал басымды 2003-жылы Акаевдин, Танаевдин убагында түзүлгөн келишимге коюп жатат. Анын максаты кандай? Анын максаты – коомчулуктун көңүлүн 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагыга басым коюу. Себеби, Акылбек Жапаров өзү “Кумтөрдүн” тегерегинде чоң адис, ал башынан эле бардык комиссияларда экономист, депутат катары иштеп келген. 2003-жылы да мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын негизиги мүчөсүнүн бири депутат Жапаров болгон. Ал комиссияда иштеп, ал эле эмес Канаданын Торонто шаарына барып, “Комеконун” штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, “Комеконун” бай тажрыйбасы бар, өтө татыктуу компания экен, бардыгына толук жооп берет” деп өзү мактаган. Ошонун негизинде премьер-министр Танаев келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан. Акылбек Жапаров ушул кемчилик жөнүндө бир дагы жолу ачык айткан эмес”, – деди Аскар Акаев.

“Акылбек Жапаров вице-премьер-министр болуп турган кезде Бакиевдин буйругу менен 2009-жылдагы келишимди түзгөн. Анын кеңеши менен Курманбек Бакиев ошол келишимди Жогорку Кеңешке алып чыгып, мыйзам катары бекитип берген. Мына ошондо “Кумтөр Голд компаниге” өзгөчө преференциялар берилген. Бүгүнкү күндө “Кумтөр Голд компани” “2009-жылдагы келишимдин негизинде арбитраждык сотко барабыз” деп айтып жатышат. Анткени анда аларга чоң преференциялар берилген, ошондуктан алар жеңишке жетеринен күмөн санашпайт.

Экинчиден, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин “Кумтөр” маселесин кароосунун негизги максаты – экологиялык зыян. Ошол экологиялык зыяндан канча миллиард доллар өндүрөбүз деп жатпайбы. А экология эмнеден бузулду? Ошол 2009-жылдагы келишимде Жапаровдун сунушу менен Давыдов жана Лысый муз тоолорун “Кумтөргө” берип коюшкан. Мыйзам менен бекитип беришкен, бул одоно ката болгон. Себеби, 90-жылдары биз изилдеп, “Давыдов жана Лысый муз тоосу эч качан иштетилбейт, анын алдындагы алтын казылбайт” деп тыюу салганбыз, мыйзам кабыл алынган. Себеби, ошондо эле алар казылса экологиялык кризис, катастрофа болушу мүмкүн экени белгилүү болгон. Мунун барын Акылбек Жапаров абдан жакшы билген. Барын билип, барына көзү жетип туруп 2009-жылы 2003-жылдагы келишимдин кемчиликтерин эмнеге оңдобойт? Тескерисинче, кошумча преференция беришкен. Билип туруп эки мөңгүнү эмнеге берип жиберген? Мына ушул экологиялык кризис, экологиялык катастрофа Давыдов менен Лысыйдын алдындагы алтынды иштеткенден чыгып жатат. Мына ошон үчүн 2003-жылдагы комиссиянын төрагасы Темир Сариев “Маселенин бары 2009-жылдагы келишимге барып такалат” деп ачык-айкын айтып жатат.

Ал эми Жапаров эмне үчүн мени күнөөлөп жатат? Ал Бакиев жөнүндө бир да сөз айткан жок. Себеби, Бакиевдин буйругу менен бүгүнкү кризиске алып келген 2009-жылдагы келишимди өзү иштеп чыккан.

Менин дарегиме айтылып жаткан каралоо жөнүндө айта кетейин. Мында эч жаңылык жок. 2005-жылы Бакиев бийликке келгенде “Акаевдин байлыгын таап, элибизди байытабыз” деп биринчи эле жарлыгы менен чоң комиссия түзгөн. Анын башында биринчи-вице-премьер Үсөнов жана генпрокурор Бекназаров турган. 30-40 адамдан турган комиссия бир жыл иштеп Акаевдин байлыгын тапкан эмес.

Экинчиси, мага, маркум уулум Айдарга бир топ иш козгоп, “Кумтөрдөн” миллиард доллар алган, ошону таап келип элибизди жыргатабыз, байытабыз деп. Ошол миллиардды табыш үчүн Данияр Үсөнов менен Азимбек Бекназаров миллион долларга эл аралык сыщик Либерманды жалдашкан. Либерманга Американын ФБРи жардам берген. Ошентип, бүт дүйнөдөн издеп, Канададагы “Комекого” да барып изилдешкен. Ошондо Бекназаров өз оозу менен “Акаевдин бир да центин тапкан жокпуз” деп айткан. Бул күнөө ошондо эле коюлган. Бекназаров генпрокурор болуп турганда барын изилдеп, эч нерсе тапкан эмес. Жаман айтпай, жакшы жок дегендей, Бакиевдин комиссиясы менин Кыргызстандан эч бир байлык алып чыкпаганымды, “Кумтөрдөн” бир цент албаганымды далилдеп беришкен”, – деди ал.

“Маркум Танаев өкмөт башчысы катары келишимге кол койгон. Мен ишенем, Танаев эч качан Кыргызстандын келечегин саткан эмес. Балким, кемчилик кетсе кеткендир, бирок чечүүчү кемчилик ал жерде жок. Себеби алтындын баасы өзгөрдү. 2003-жылы алтындын баасы 400 доллар болсо, бүгүн 1800 доллар, 4 эсе көбөйдү, шарт башка. 2009-жылы алтындын баасы 3 эсеге көбөйүп, баасы 1200 долларга чыккан. Ошондой жакшы шартта эң начар келишим түзүшкөн. Мына ошону түзгөн Акылбек Жапаров, Бакиевдин буйругу, кызыкчылыгы менен. Мына ошондуктан ал коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден 2003-жылдагы келишимге бургусу келип жатат. Анысынан эч натыйжа чыкпайт. Эртең эле эл аралык сот болсо, барып эле 2009-жылы Бакиев, Жапаров түзгөн келишимдин негизинде соттошот. Ал эми 2003-жылдагы Акаевдин, Танаевдин келишимине эч ким кайрылбайт, себеби ал жерде эч кандай преференция жок”, – деп билдирди Аскар Акаев.

“Акылбек Жапаров Танаевдин жанында чуркап жүргөн жигит болчу. Комиссиясында иштеп, Танаевди мактап… Маркум Танаев менен уулум Айдардын курулай каралоо менен арбактарына шек келтирип отурат. Ушундай кубулуп турган Акылбек Жапаровго кудай жазасын берсин”, – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: