Бүгүн, 19-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 253 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 120, Ош – 8, Чүй облусунан – 84, Ош облусунан – 4, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 7. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 101 219 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 315 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 94 483кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 174, Ош шаарынан – 16, Чүй облусунан – 73, Ош облусунан – 5, Нарын облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 10.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2, Чүй облусунан – 3, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1725ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ