Прокуратуранын кийлигишүүсү менен Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзамга ылайык, ата-энеси жок, камкордуксуз калган балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.
Аталган категориядагы адамдардын укуктарын коргоо максатында, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Тамчы айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.
Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн аймагынан жашы жете элек 3 балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген И.А. аттуу жаранга 0,12 га жер тилкеси, ошондой эле аз камсыз болгон, жарым жетим Ж.Б. аттуу жаранга 0,10 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн бөлүндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ