Menu

Согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык колдоо көрсөтүү демилгеси көтөрүлүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, ал үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Н.Никитенко менен А.Шыкмаматов.

Демилгечилердин айтымында, акыркы учурларда Улуу Ата мекендик согушта дареги дайынсыз болгон жоокерлердин мүрзөсү табылууда. Алардын айрым жакындарынын ал жерге барып таазим келүүгө чамасы чакталуу. «Ошондон улам, мамлекет тарабынан согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык жардам берилүүгө тийиш. Өкмөт жылыга белгилүү бир өлчөмдө каражат карап турса, бул маселе чечилмек», – деди депутат Наталья Никитенко.

Депутаттар Улуу Ата мекендик согушта курман болгон бир дагы мекендешибиз унутта калбоого тийиш экенин баса белгилешти. Бул мыйзам долбоорунун кийинки муундар үчүн таалим-тарбиялык ролу да зор. Анчалык деле көп каражат кетпейт. Өкмөт кошумча каржы булагын табышы керек.

Белгилей кетсек, ушу тапта Улуу Ата мекендик согушка аттанган 56 миӊден ашуун мекендештерибиздин дайыны белгисиз. Азыр алардын айрымдарынын мүрзөсү табылууда. Буга чейин депутаттар тобу тарабынан ушуга үндөш мыйзам долбоорлору сунуш кылынганына карабастан, өкмөт өкүлдөрү тарабынан колдоо таппай келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: