Menu

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын мурдагы президенттерин парламенттин жыйынына чакырууну сунуштады

Бөлүшүү:

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын мурдагы президенттерин парламенттин жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал депутаттар жакында эле Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун талкуулашканын, анда 1992-жылдан 2020-жылга чейин кээ бир чиновниктердин мамлекетке чыккынчылык кылганы жөнүндө сөз болгонун белгиледи.

“Токтом долбоордо аты аталган экс-президент, экс-премьер-министрлерди Жогорку Кеңешке чакырып, сурашыбыз керек. Кээ бир депутаттар кожоюндарына дагы деле кызмат кылууну улантып жатышат. Бүгүн өлкөбүздүн башчысын каралоо кампаниясы башталды. Кремлде интервью берип жаткан, абакта отурган экс-президенттер жооп берсин”, – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: